«КЫЗ МАКТЫМ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫЗ МАКТЫМ» – түштүк кыргыздарда тараган лирикалык дастан. Негизги темасы – эл-журтту калмактардын кысымынан бошотуу. Дастан­дын окуялары ойрот калмактарынын кыргыздарды эзип турган мезгилине (16–17-к.) туура келет. Поэманын үч варианты тең КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Алардын сюжеттик өзөгү, образ системасы бири биринен анча айырмаланбайт. Баш каармандары – Мактым менен Бегарстан Тайчы. Калмактарга каршы күрөштө Мактымды Бегарстан Тай­чы туткунга алып, ага үйлөнөт. Кордолгон Мак­тым түн жамынып качат. Куугунчуларды айла­амал менен жолдо өлтүрөт. Бегарстан Тайчы да Мактымдын колунан каза болот. Мактым элине келип, сүйгөнүнө жетет. «Бегарстан Тайчы» аттуу комуз күүсү да дастандын ушул окуясы­нан улам чыгарылган.


Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973.