КЫДЫРГАНОВ женишбек: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫДЫРГАНОВ Жеңишбек (1945-ж. т., Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Ичке-Жергез айылы) - спортчу (классикалык күрөш). СССР спортунун чебери (1967), ардактуу чебери (1975), классикалык күрөш б-ча Кыргыз ССРинин 10 жолку чемпиону (1966-76), улуттук категориядагы калыс (1990). КМДТИни бүтүргөн (1983). 1965-76-ж. Кыргыз ССРинин «Эмгек резервдери» ыктыярдуу спорт коомунун машыктыргыч-окутуучусу, 1979–84-ж. Ысык-Көл обл. спорт к-тинин төрагасынын орун басары, 1984-90-ж. Ысык-Көл обл. спорт мектебинин директору, 1990-жылдан Ысык-Көл обл. балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин улук методисти. Эл аралык турнирлердин (Швеция,1972; Түркия, 1975), Прибалтика кубогунун (1973), СССР элдеринин спартакиадасынын катышуучусу ж-а жеңүүчүсү.