КЫДЫРБАЕВА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫДЫРБАЕВА Фатима Чапы кызы (1914, азыркы Чүй обл., Чүй р-ну, Он-Бир-Жылга айылы – 1979, Фрунзе) – кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы укук таануучу. Кыргыз ССР Жогорку Сотунун төрайымы (1941–47). Ленинграддагы жумушчулар ф-тин (Рабфак), Фрунзе кыз-келиндер окуу жайын, Ташкенттеги О. Азия коммунисттик ун-тин (САКУ), Кыргыз ССР Юстиция ЭКСтин алдындагы укук мектебин (1936), Москвадагы Бүткүл союздук юрид. ин-тун (1945) бүткөн. Ленинграддагы «Красный Путиловец» з-дунда мастердин жардамчысы, Ош, Жалал-Абад, Ноокат аймактарында комсомолдук, парт. кызматкер, Фрунзе шаардык прокурорунун, Кыргыз ССРинин башкы прокурорунун жардамчысы, Чүй обл-нун Аламүдүн, Бишкек ш-нын Свердлов р-ндорунун прокурору болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (2-чакырылышы) депутаты. Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.