КЫДЫРБАЕВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫДЫРБАЕВА Фатима Чапы кызы (1914, азыркы Чүй обл., Чүй р-ну, Он-Бир-Жылга айылы – 1979, Фрунзе) – кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы укук таануучу. Кыргыз ССР Жо­горку Сотунун төрайымы (1941–47). Ленинграддагы жумушчулар ф-тин (Рабфак), Фрун­зе кыз-келиндер окуу жайын, Ташкенттеги О. Азия коммунисттик ун-тин (САКУ), Кыр­гыз ССР Юстиция ЭКСтин алдындагы укук мек­тебин (1936), Москвадагы Бүткүл союздук юрид. ин-тун (1945) бүткөн. Ленинграддагы «Красный Путиловец» з-дунда мастердин жардамчысы, Ош, Жалал-Абад, Ноокат аймактарында комсомол­дук, парт. кызматкер, Фрунзе шаардык проку­рорунун, Кыргыз ССРинин башкы прокурору­нун жардамчысы, Чүй обл-нун Аламүдүн, Бишкек ш-нын Свердлов р-ндорунун прокурору болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Совети­нин (2-чакырылышы) депутаты. Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.