КЫДЫРААЛЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫДЫРААЛЫ уулу Алагуш (1897, азыркы Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Ак-Сай айылы – 1944, ошол эле жер) – белгилүү комузчу, 1936-ж. Фрунзеде өткөн 1-респ. эл чыг-лыгынын олимпиадасынын жеңүүчүсү. Атасы ажы болгондуктан, филармонияга иштөөгө алынбай калган. К. Орозов, М. Күрөңкөев, Ы. Туманов ж. б. комузчулар м-н таанышып, алар м-н көзү өткөнгө чейин карым-катышта, байланышта болгон. Элдик салт күүлөр «Камбаркан», «Ботой», «Кербез», «Шыңгырама» ж. б. чертүү м-н, өзү да «Алагуштун камбаркан», «Алагуштун ботою», «Алагуштун кербези», «Алагуштун күүсү» ж. б. ондогон күүлөрдү чыгарган. «Алагуштун термеси» аттуу күүсү Ы. Тумановдун аткаруусунда КРдин коомдук телерадиокорпорациясынын алтын казынасына жазылган ж-а кыргыз музыкасынын антологиясына кирген.