КҮЧ МОМЕНТИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КҮЧ МОМЕНТИ - нерсеге сырттан болгон аракетти мүнөздөөчү ж-а нерсенин айлануу кыймылынын өзгөрүшүн аныктоочу мех. чоңдук. К. м. механиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири. К. м. окко ж-а борборго (чекитке) карата айырмаланат. Б о рб о р г о (О) карата К. м. вектордук чоңдук . Ал М о=Fh ,

мында F – күч модулу, h – ийини, б. а. Одон күч аракет этүүчү сызыкка түшүрүлгөн перпенди к у л я рдын узундугу (к. сүрөт). Мо вектору О борбору ж-а F күчү аркылуу өтүүчү тегиздикке перпендикулярдуу багытталат. Векторлорду көбөйтүү эрежесинин негизинде К. м. Мо=[F.r] барабардыгы м-н жазылат. Мында r – О күч тиркелген чекитке чейинки жүргүзүлгөн радиус - вектор. К. м-нин бирдиги (СИ) Н.м, дин.см же кгс.м. О к к о карата К. м.– алг. чоңдук. Ал ушул октогу О чекитине салыштырмалуу К. м-нин проекциясына же F күчүнүн ху тегиздигине болгон проекциясынын сан маанисине барабар.