КҮЧ МОМЕНТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЧ МОМЕНТИ - нерсеге сырттан болгон ара­кетти мүнөздөөчү ж-а нерсенин айлануу кый­мылынын өзгөрүшүн аныктоочу мех. чоңдук. К. м. механиканын негизги түшүнүктөрүнүн би­ри. К. м. окко ж-а борборго (чекитке) карата айырмаланат. Б о р­б о р г о (О) карата К. м. вектордук чоң­дук . Ал М о=Fh ,

мында F – күч мо­дулу, h – ийини, б. а. Одон күч ара­кет этүүчү сызыкка түшүрүлгөн пер­пенди к у л я рдын узундугу (к. сүрөт). Мо вектору О бор­бору ж-а F күчү аркылуу өтүүчү тегиздикке перпендикулярдуу багытталат. Векторлорду көбөй­түү эрежесинин негизинде К. м. Мо=[F.r] барабардыгы м-н жазылат. Мында r – О күч тиркелген чекитке чейинки жүргүзүлгөн радиус - век­тор. К. м-нин бирдиги (СИ) Н.м, дин.см же кгс.м. О к к о карата К. м.– алг. чоңдук. Ал ушул октогу О чекитине салыштырмалуу К. м-нин проекциясына же F күчүнүн ху тегиздигине болгон проекциясынын сан маанисине барабар.