КЛАЙПЕДА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЛА́ЙПЕДА</b> (1923- | <b type='title'>КЛА́ЙПЕДА</b> (1923-жылга чейин М е м е л ь) – Лит­вадагы шаар. Данге (Дане) дарыясынын боюнда жай­гашкан. Балтика деңизиндеги тоңбогон ири порт (27 млн тонна жүк; 2007). Калкы 183,4 миң (2009); калкынын саны боюнча Литвадагы 3-шаар. Клайпедадан 25 <i>км</i> аралыкта Палангада эл аралык аэропорт жайгашкан. Темир жол бекети. Жол­дор тоому. Паром аркылуу Германия (Засниц – темир жол парому; Киль), Дания (Орхус, Обенро), Швеция (Карлсхамн) менен байланышат. Балык флотунун деңиздеги базасы. | ||
(2009); калкынын саны | |||
шаар. | |||
[[File:КЛАЙПЕДА6.png | thumb | Шаардын жана порттун көрүнүшү.]] | [[File:КЛАЙПЕДА6.png | thumb | Шаардын жана порттун көрүнүшү.]] | ||
Балык кармалып, беленделет. Шаардын экономикасынын негизин портту тейлөө түзөт. Кеме куруу жана ремонт­тоо, текстиль (кебез-кездемелери токулат), цел­люлоза-кагаз өнөр жай ишканалары иштейт. Жа­кут ташынан көркөм зер буюмдар жасалат. XVII–XVIII кылымдын архитектура эстеликтери сакталган. 1252-жылы Мемельбург сепили катары негизделген. 1525- жылдан Пруссиянын, 1871-жылдан Германия империясынын, 1920-жылдан Антанта мамле­кетинин башкаруусунда, 1923-жылдан Литва­нын курамында. Университет (1991, деңиз кеме кыз­маткерлерин даярдайт), консерватория, драма театры, музейлер (анын ичинде край таануу, деңиз, саат), сүрөт галереясы бар. Почтамттын имаратынын мунарасында 48 коңгуроолуу карийон орнотул­ган (1987). Жыл сайын музыкалык фестивалдар (1976, «Клайпеда музыкалуу жазы»; жаз музыкасы, 1993) жана деңиз майрамы (июль-август) өткөрүлүп турат. | |||
«Клайпеда музыкалуу жазы»; жаз музыкасы, 1993) | |||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
05:18, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЛА́ЙПЕДА (1923-жылга чейин М е м е л ь) – Литвадагы шаар. Данге (Дане) дарыясынын боюнда жайгашкан. Балтика деңизиндеги тоңбогон ири порт (27 млн тонна жүк; 2007). Калкы 183,4 миң (2009); калкынын саны боюнча Литвадагы 3-шаар. Клайпедадан 25 км аралыкта Палангада эл аралык аэропорт жайгашкан. Темир жол бекети. Жолдор тоому. Паром аркылуу Германия (Засниц – темир жол парому; Киль), Дания (Орхус, Обенро), Швеция (Карлсхамн) менен байланышат. Балык флотунун деңиздеги базасы.

Балык кармалып, беленделет. Шаардын экономикасынын негизин портту тейлөө түзөт. Кеме куруу жана ремонттоо, текстиль (кебез-кездемелери токулат), целлюлоза-кагаз өнөр жай ишканалары иштейт. Жакут ташынан көркөм зер буюмдар жасалат. XVII–XVIII кылымдын архитектура эстеликтери сакталган. 1252-жылы Мемельбург сепили катары негизделген. 1525- жылдан Пруссиянын, 1871-жылдан Германия империясынын, 1920-жылдан Антанта мамлекетинин башкаруусунда, 1923-жылдан Литванын курамында. Университет (1991, деңиз кеме кызматкерлерин даярдайт), консерватория, драма театры, музейлер (анын ичинде край таануу, деңиз, саат), сүрөт галереясы бар. Почтамттын имаратынын мунарасында 48 коңгуроолуу карийон орнотулган (1987). Жыл сайын музыкалык фестивалдар (1976, «Клайпеда музыкалуу жазы»; жаз музыкасы, 1993) жана деңиз майрамы (июль-август) өткөрүлүп турат.