КЛАЙПЕДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛА́ЙПЕДА (1923-жылга чейин М е м е л ь) – Лит­вадагы шаар. Данге (Дане) дарыясынын боюнда жай­гашкан. Балтика деңизиндеги тоңбогон ири порт (27 млн тонна жүк; 2007). Калкы 183,4 миң (2009); калкынын саны боюнча Литвадагы 3-шаар. Клайпедадан 25 км аралыкта Палангада эл аралык аэропорт жайгашкан. Темир жол бекети. Жол­дор тоому. Паром аркылуу Германия (Засниц – темир жол парому; Киль), Дания (Орхус, Обенро), Швеция (Карлсхамн) менен байланышат. Балык флотунун деңиздеги базасы.

Шаардын жана порттун көрүнүшү.

Балык кармалып, беленделет. Шаардын экономикасынын негизин портту тейлөө түзөт. Кеме куруу жана ремонт­тоо, текстиль (кебез-кездемелери токулат), цел­люлоза-кагаз өнөр жай ишканалары иштейт. Жа­кут ташынан көркөм зер буюмдар жасалат. XVII–XVIII кылымдын архитектура эстеликтери сакталган. 1252-жылы Мемельбург сепили катары негизделген. 1525- жылдан Пруссиянын, 1871-жылдан Германия империясынын, 1920-жылдан Антанта мамле­кетинин башкаруусунда, 1923-жылдан Литва­нын курамында. Университет (1991, деңиз кеме кыз­маткерлерин даярдайт), консерватория, драма театры, музейлер (анын ичинде край таануу, деңиз, саат), сүрөт галереясы бар. Почтамттын имаратынын мунарасында 48 коңгуроолуу карийон орнотул­ган (1987). Жыл сайын музыкалык фестивалдар (1976, «Клайпеда музыкалуу жазы»; жаз музыкасы, 1993) жана деңиз майрамы (июль-август) өткөрүлүп турат.