КОМУЗ КҮҮЛӨРҮНҮН АНТОЛОГИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОМУЗ КҮҮЛӨРҮНҮН АНТОЛОГИЯСЫ – комуз күүлөрүнүн топтому (альбому); ар бири 90 мүнөт убакытты камтыган 5 аудио-кассетадан турат. Антология 1998-ж. жарык көргөн. Аны Б. Алагушов, А. Кайбылдаев, Сабыр уулу Буудайбек, Д. Сарыгулов, А. Акматалиев түзгөн. Альбомго 120 күү кирип, алар «Камбаркандар», «Кербездер», «Шыңгырамалар», «Толгоолор», «Кайрыктар», «Бекарстан-тайчылар», «Дастан күүлөр», «Обон күүлөр», «Залкар күүлөр», «Арман, жоктоо күүлөрү», «Кушаваз күүлөр», «Бий күүлөр» сыяктуу түрлөргө, жанрларга бөлүнүп берилген. Альбомго кирген Кет Бука, Күрөңкөй, Муратаалы, Токтогул, Карамолдо, Атай, Ыбырай ж. б. комуз музыкасынын баштоочуларынын айрым күүлөрүнүн тарыхы таржымалданып берилген. Антология кыргыз музыкасынын тарыхындагы алгачкы баалуу саамалык болуп саналат.