КОМУЗ КҮҮЛӨРҮНҮН АНТОЛОГИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМУЗ КҮҮЛӨРҮНҮН АНТОЛОГИЯСЫ – ко­муз күүлөрүнүн топтому (альбому); ар бири 90 мүнөт убакытты камтыган 5 аудио-кассетадан турат. Антология 1998-жылы жарык көргөн. Аны Б. Алагушов, А. Кайбылдаев, Сабыр уулу Буу­дайбек, Д. Сарыгулов, А. Акматалиев түзгөн. Альбомго 120 күү кирип, алар «Камбаркандар», «Кербездер», «Шыңгырамалар», «Толгоолор», «Кайрыктар», «Бекарстан-тайчылар», «Дастан күүлөр», «Обон күүлөр», «Залкар күүлөр», «Ар­ман, жоктоо күүлөрү», «Кушаваз күүлөр», «Бий-күүлөр» сыяктуу түрлөргө, жанрларга бөлүнүп берилген. Альбомго кирген Кет Бука, Күрөңкөй, Муратаалы, Токтогул, Карамолдо, Атай, Ыбы­рай жана башка комуз музыкасынын баштоочулары­нын айрым күүлөрүнүн тарыхы таржымалданып берилген. Антология кыргыз музыкасынын та­рыхындагы алгачкы баалуу саамалык болуп са­налат.