КОМПЛЕКСТҮҮ МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОМПЛЕКСТҮҮ МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ – тоо иштерин үзгүлтүксүз ж-а үнөмдүү жүргүзүү үчүн колдонулуучу ар кандай механизмдерди топтоо. Кендерди, тоо тектерин ж. б. казуу, жүктөө, бир жерден экинчи жерге ташып кетирүү, түшүрүү, жыюу, казмаларды бекитүү, тазалоо сыяктуу иштерде колдонулуучу механизмдер (көмүр ка­зуучу комбайн, конвейер, жүктөгүчтөр ж. б.). Тоо иштеринде коопсуздукту сактоодо, кендин өзүнө турган наркын төмөндөтүүдө зор мааниге ээ. Жүргүзүлүп жаткан ишти автоматташты­рууда, аралыктан башкарууда, жумушчуларды пайдаланбоодо, ар кандай кокустуктан, кыр­сыктан, газ м-н өрттөн сактанууга, коркунуч­суз иш жүргүзүүгө көмөк берет. Азыркы кезде өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгы колдонот.