КОМПЛЕКСТҮҮ МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОМПЛЕКСТҮҮ МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ – тоо иштерин үзгүлтүксүз ж-а үнөмдүү жүргүзүү үчүн колдонулуучу ар кандай механизмдерди топтоо. Кендерди, тоо тектерин ж. б. казуу, жүктөө, бир жерден экинчи жерге ташып кетирүү, түшүрүү, жыюу, казмаларды бекитүү, тазалоо сыяктуу иштерде колдонулуучу механизмдер (көмүр казуучу комбайн, конвейер, жүктөгүчтөр ж. б.). Тоо иштеринде коопсуздукту сактоодо, кендин өзүнө турган наркын төмөндөтүүдө зор мааниге ээ. Жүргүзүлүп жаткан ишти автоматташтырууда, аралыктан башкарууда, жумушчуларды пайдаланбоодо, ар кандай кокустуктан, кырсыктан, газ м-н өрттөн сактанууга, коркунучсуз иш жүргүзүүгө көмөк берет. Азыркы кезде өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгы колдонот.