КОМПЕНСАТОР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОМПЕНСА́ТОР (лат. compenso – ордун толтуруу, тең салмактоо) т е х н и к а д а – ар түрдүү
факторлордун (темп-ра, басым, абал ж. б.) курулушка, системаларга, машиналарга, приборлорго тийгизген таасиринин ордун толтуруу ж-а теңдөө, же болбосо ал факторлорду ченөө ж-а жөнгө салуу (мис., оптикалык К.), аныктоо үчүн колдонулуучу түзүлүш. К. кыймылсыз ж-а кыймылдуу болот. Кыймылсыз К-го ызгыт (прокладка), алкак, номиналдык өлчөмдөн
четтөөнү жөнгө салуучу тетиктер ж. б. кирет.
Кыймылсыз К. катыгандан кийин керек тетиктин абалына келет ж-а макеттерди, технол. каражаттарды даярдоодо колдонулат. Кыймылдуу К. мезгилдүү же үзгүлтүксүз иштеши мүмкүн. Мезгилдүү К-до жөнгө салуучу буралмалар (винттер), күпчөк ж. б. тетиктер жылганда ж-а бурулгандагы четтөөнү жөнгө салат. Үзгүлтүксүз К-до кош шарнир (Гук шарнири), сильфон ж. б. тетиктер автоматтык түрдө жөнгө салуу үчүн пайдаланылат. Ар кандай жылуулук режиминде иштечү машиналарда (мис., ичинен күйүүчү кыймылдаткычта) жылуулук деформациясынын таасиринен сактайт. Туюк суюктук системасында, К. суюктуктун темп-расынын
өзгөрүшүндө туруктуу басымды камсыз кылат. Э л е к т р - т е х н и к а д а К. электр түйүндөрүндөгү чыңалууну жөнгө салат. К. колдонулушуна жараша көп түргө бөлүнөт. К-ду колдонуу айлануучу валдардын ортосунда кыймыл берүү ж-а нормада иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл. К-дун машиналарга киргизилиши массалык өндүрүш процессин жеңилдетип, чогултуу ишинде деталдарды жеке эп келтирүүнү азайтып, өндүрүш-эксплуатациялык чыгымдарды төмөндөтөт.