КОМПЕНСАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПЕНСА́ТОР (лат. compenso – ордун толту­руу, тең салмактоо) т е х н и к а д а – ар түрдүү факторлордун (темп-ра, басым, абал ж. б.) ку­рулушка, системаларга, машиналарга, прибор­лорго тийгизген таасиринин ордун толтуруу ж-а теңдөө, же болбосо ал факторлорду ченөө ж-а жөнгө салуу (мис., оптикалык К.), анык­тоо үчүн колдонулуучу түзүлүш. К. кыймылсыз ж-а кыймылдуу болот. Кыймылсыз К-го ызгыт (прокладка), алкак, номиналдык өлчөмдөн четтөөнү жөнгө салуучу тетиктер ж. б. кирет.
Кыймылсыз К. катыгандан кийин керек тетик­тин абалына келет ж-а макеттерди, технол. ка­ражаттарды даярдоодо колдонулат. Кыймылдуу К. мезгилдүү же үзгүлтүксүз иштеши мүмкүн. Мезгилдүү К-до жөнгө салуучу буралмалар (винт­тер), күпчөк ж. б. тетиктер жылганда ж-а бу­рулгандагы четтөөнү жөнгө салат. Үзгүлтүксүз К-до кош шарнир (Гук шарнири), сильфон ж. б. тетиктер автоматтык түрдө жөнгө салуу үчүн пайдаланылат. Ар кандай жылуулук режи­минде иштечү машиналарда (мис., ичинен күйүүчү кыймылдаткычта) жылуулук деформа­циясынын таасиринен сактайт. Туюк суюктук системасында, К. суюктуктун темп-расынын өзгөрүшүндө туруктуу басымды камсыз кылат. Э л е к т р - т е х н и к а д а К. электр тү­йүндөрүндөгү чыңалууну жөнгө салат. К. колдо­нулушуна жараша көп түргө бөлүнөт. К-ду кол­донуу айлануучу валдардын ортосунда кыймыл берүү ж-а нормада иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл. К-дун машиналарга киргизилиши мас­салык өндүрүш процессин жеңилдетип, чогул­туу ишинде деталдарды жеке эп келтирүүнү азай­тып, өндүрүш-эксплуатациялык чыгымдарды төмөндөтөт.