КОЗУ КУЛАК КИСЛОТАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОЗУ КУЛАК КИСЛОТАСЫ , НООС–СООН – эки негиздүү каныккан карбон кислоталардын эң жөнөкөй өкүлү. Түссүз кристаллдар; мол. сал­магы 90,036; б. эрүү t 189,5°С; сууда ж-а орг. эриткичтерде начар эрийт. К. к. к. – күчтүү орг. кислота ж-а калыбына келтиргич. Анын тузда­ры көп сандаган өсүмдүктүн курамында кезде­шет. Айрыкча козу кулакта ж-а ышкында көп.
К. к. к. – күчтүү калыбына келтиргич. Кычкыл ж-а орто эфирлерди, амиддерди ж. б. туундулар­ды пайда кылат. Кумурска к-таcынын туздарын жогорку темп-рада ысытканда, К. к. к-нын туз­дары пайда болот. Ө. ж-да көмүртек кош окси­ди м-н суутектен алынат. К. к. к. ж-а анын туздары металлдардын бетин жылмалоодо, чыт кездемесин чыгарууда ж-а боёодо, булгаары өндүрүүдө, анализдик химияда Ca, Th, Pt ж. б. металлдардын иондорун бөлүп алууда колдо­нулат.