КОЗУ КУЛАК КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЗУ КУЛАК КИСЛОТАСЫ, НООС–СООН – эки негиздүү каныккан карбон кислоталардын эң жөнөкөй өкүлү. Түссүз кристаллдар; молекулалык сал­магы 90,036; балкып эрүү t 189,5°С; сууда ж-а органикалык эриткичтерде начар эрийт. Козу кулак кислотасы – күчтүү органикалык кислота ж-а калыбына келтиргич. Анын тузда­ры көп сандаган өсүмдүктүн курамында кезде­шет. Айрыкча козу кулакта ж-а ышкында көп.
Козу кулак кислотасы – күчтүү калыбына келтиргич. Кычкыл ж-а орто эфирлерди, амиддерди жана башка туундулар­ды пайда кылат. Кумурска кислотаcынын туздарын жогорку температурада ысытканда, козу кулак кислотанын туз­дары пайда болот. Өнор жайда көмүртек кош окси­ди м-н суутектен алынат. Козу кулак кислотасы ж-а анын туздары металлдардын бетин жылмалоодо, чыт кездемесин чыгарууда ж-а боёодо, булгаары өндүрүүдө, анализдик химияда Ca, Th, Pt ж. б. металлдардын иондорун бөлүп алууда колдо­нулат.