КОЗУ КУЛАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЗУ КУЛАК (Rumex) – өсүмдүктөрдүн кара күрүчтөр тукумундагы көп же бир жылдык чөптөр уруусу. Жалбырагы тамырдан өсүп чыгат. Гүлү майда бир же кош жыныстуу, топ гүлү – шыпыргыдай. Эки үйлүү өсүмдүк, шамал

аркылуу чаңдашат. Мөмөсү жаңгак сымал, үч кырдуу. 150–200 түрү дээрлик бүт жер бетине, көбүнчө мелүүн алкакта тараган. Шалбааларда өсөт, жалбырактуу жашылча катары өстүрүлөт. Уругу ж-а тамыры м-н көбөйөт. Кышкысын жылыткычтарга отургузулат. Көпчүлүк түрү отоо чөп, айрымдары медицинада, ветеринарияда, о. эле тамак-аш катары да колдонулат.