КОЗУ КУЛАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЗУ КУЛАК (Rumex) – өсүмдүктөрдүн кара күрүчтөр тукумундагы көп же бир жылдык чөптөр уруусу. Жалбырагы тамырдан өсүп чыгат. Гүлү майда бир же кош жыныстуу, топ гүлү – шыпыргыдай. Эки үйлүү өсүмдүк, шамал

аркылуу чаңдашат. Мөмөсү жаңгак сымал, үч кырдуу. 150–200 түрү дээрлик бүт жер бетине, көбүнчө мелүүн алкакта тараган. Шалбааларда өсөт, жалбырактуу жашылча катары өстүрүлөт. Уругу ж-а тамыры м-н көбөйөт. Кышкысын жылыткычтарга отургузулат. Көпчүлүк түрү отоо чөп, айрымдары медицинада, ветеринарияда, ошондой эле тамак-аш катары да колдонулат.