КОЁН СЫМАЛДАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЁН СЫМАЛДАР (Lagomorpha) – сүт эмүүчүлөр
классынын түркүмү. 20-к-дын орто ченине чейин К. с-ды кемирүүчүлөр түркүмүнүн түркүмчөсү деп эсептешкен (эки жуп кашка тиштүүлөр). Дене уз. 75 смге чейин жетет. Алдынкы буту 5, арткы буту 4 манжалуу. Кээ бир түрүнүн өңү-түсү ж-а анын түзүлүшү жыл мезгилине жараша өзгөрүп, түлөп турат. Үстүнкү жаагында 2 жуп кашка тиши бар; алдынкы кашка тиштери тынымсыз өсүп тургандыктан, чоң болот. Арткы буту дайыма алдынкы бутунан узунураак. Куйругу кыска, кулагы узун. Бул түркүмдүн 4 тукуму, азыркы 2 тукуму: коён чычкандар (Gert- hidae) ж-а коёндор, 10 уруусунун 65 түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө коёндор уруусунун 4 түрү, а. и. русак, ак коён, толай ж-а кроликтер кездешет. Тиричилигин күүгүмдө ж-а түнкүсүн өткөрөт. Саатына 70 кмге чейинки ылдамдыкта чуркайт.
Жалгыз жүрөт. Бир жылда 2–5 жолу, 2–8ден
15ке чейин бөжөк тууйт. Антарктидада, Түш. Американын түштүгү, Мадагаскар а-нан башка бардык жерде тараган. Ийинде жашайт, бөжөгү көзү ачылбаган, жылаңач ж-а алсыз, начар туулат. Арктикалык тундрадан тропик токойлорго ж-а чөлдөргө чейин, тоолордо – альп зонасына чейин жашайт. Айыл ж-а токой чарбасына зыян келтириши мүмкүн. 4 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталаган.