КОЁНДОР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЁНДОР ж а п а й ы (Leporidae) – коён сымалдар түркүмүнүн тукуму. К-дун 10 уруусу, 50дөй түрү бар: ак, чоң боз, манжур ж-а кадимки К. ж. б. Бардык К-дун алдынкы буту кыска, арткы буту узун, секирип чуркоого абдан ыңгайлуу. Кулагы узун, куйругу кыска, жүнү жумшак, коюу. Ак коён ири, дене уз. 44–74 см, сал-

магы 3–4,8 кг, жайында күрөң же көгүш түстө, кышкысын аппак, кулактарынын учтары жайдыр-кыштыр кара. Тундра, токой ж-а токойталаалуу зоналарга таралган. Чоң боз коён ак
коёндон чоңураак, салмагы 4–7 кгга жетет.
Кышкысын бир аз көгүш болуп өзгөрөт, жону кара. Көбүнчө токой-талаалуу, ачык талаа ж-а кургак талааларды мекендейт. КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө таралган. К а д и м к и к о ё н Борб. Азия, Казакстан ж-а Байкалдын
чыгыш жагындагы чөлдүү, жарым чөлдүү жерлерге таралган. Дене уз. 38– 53 см, салмагы 2–
2,5 кг. Кырг-нда бийик тоолуу өрөөндөрдө (Соң- Көл, Чатыр-Көл) бар. М а н ж у р коёну кичине, салмагы 2 кгга жетет, буту, кулагы кыска,
өңү саргыч көк. Ы. Чыгыштын жалбырактуу токойлорунда жашайт. К. 45–51 күн көтөрүп, 2–12 бөжөк тууйт. Бир жайда 2–3 жолу төлдөйт. Териси ж-а эти үчүн аңчылык кылынат.
Өзгөчө ак коён м-н чоң боз коёндун кышкы териси баалуу; андан түлкү, суу күзөндүн терилерине окшош арзан, жылуу мехтер жасалат. Кар калың түшкөндө К. бакка, токой өсүмдүктөрүнө
чоң зыян келтириши мүмкүн. Б а к м а к о ё нд у н породалары жапайы коёндон келип чык-
кан. Бакма коён төлчүл келип, жыл бою төлдөйт, бир төлдөгөндө 18ге чейин бөжөк тууйт.
Негизинен 1–1,5 жашында жетилет, 7–10 жыл
жашайт. Негизги тоюту – көк чөп, тамыры тоют
өсүмдүктөр, сабиз, капуста, жем ж. б. Андан эт, тери, тыбыт ж. б. алынат.