КОД: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОД (фр. соde, лат. сodex – китеп дегенден) – белгилердин (символдордун) жыйнагы ж-а бел­гилүү эрежелердин системасы; алардын жарда­мы м-н маалыматты билүү, иштетүү ж-а сактоо (эске тутуу) үчүн мындай символдордун жый­ындысы түрүндө көрсөтүлүшү (коддолушу) мүм­күн. К. белгилеринин акыркы ырааты сөз деп аталат. К-ду жазуу үчүн көп учурда же цифра­лар ж-а сандар (0; 1; ...; 57; 927 ж. б. у. с.), же белгилер [+ (плюс), – (минус), . (чекит) ж. б.] пайдаланылат. Байланыш каналында, автома­тика системасында, эсептөө түзүлүшүндө, техни­канын ж. б. түрдүү чөйрөлөрдө маалымат көр­сөтүү үчүн колдонулат. К. түрүндө маалымат ча­гылдыруу тирүү жандарда да кеңири пайдаланы­лат. К-доо и н ф о р м а т и к а д а – маалымат тексттерин кыскартылган шарттуу цифра белги­си м-н алмаштыруу амалы; табигый тилдеги кан­дайдыр бир маалыматты код деп аталган шарт­туу белгилер удаалаштыгы түрүндө которуу.