КОД
КОД (фр. соde, лат. сodex – китеп дегенден) – белгилердин (символдордун) жыйнагы ж-а белгилүү эрежелердин системасы; алардын жардамы м-н маалыматты билүү, иштетүү ж-а сактоо (эске тутуу) үчүн мындай символдордун жыйындысы түрүндө көрсөтүлүшү (коддолушу) мүмкүн. Код белгилеринин акыркы ырааты сөз деп аталат. Кодду жазуу үчүн көп учурда же цифралар ж-а сандар (0; 1; ...; 57; 927 ж. б. у. с.), же белгилер [+ (плюс), – (минус), . (чекит) ж. б.] пайдаланылат. Байланыш каналында, автоматика системасында, эсептөө түзүлүшүндө, техниканын ж. б. түрдүү чөйрөлөрдө маалымат көрсөтүү үчүн колдонулат. Код түрүндө маалымат чагылдыруу тирүү жандарда да кеңири пайдаланылат. Коддоо и н ф о р м а т и к а д а – маалымат тексттерин кыскартылган шарттуу цифра белгиси м-н алмаштыруу амалы; табигый тилдеги кандайдыр бир маалыматты код деп аталган шарттуу белгилер удаалаштыгы түрүндө которуу.