КОБАЛЬТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КО́БАЛЬТ (лат. Cobaltum), Cо – элементтер­дин мезгилдик системасынын VIII тобунда жай­гашкан хим. элемент, ат. н. 27, ат. м. 58,9332. 1735-ж. швед химиги Г. Брандт ачкан. Табият­та К. туруктуу бир изотоптон 59Cо турат. Жа­салма жол м-н алынган радиоактивдүү изотоп 60Cо (жарым ажыроо мезгили Т 1/2=5,24 жыл). Белгилүү кычкылдануу даражасы +2 ж-а +3, кээде +1, +4, +5, б. эрүү t 1493°С; кайноо t 2277°С; тыгыздыгы 8,9 г/см3. К. катуу металл, күмүш түстө; жеңил иштетилет, серпилгич, те­мирге окшош, болоттон да катуу, темир сыяк­туу магниттик касиетке ээ, бирок ал касиетин 1121°Сден жогорку темп-радан баштап жоготот.
Жер кыртышында 1,8 .103%ке жакын, сейрек таралган металл. 30дай минералы белгилүү. Жө­нөкөй хим. кошулмаларында II, ал эми ком­плекстүү кошулмаларында III валенттүү. К. сууда ж-а абада туруктуу. 300°Сде оксиддик жука ка­бык (жашыл түстөгү СоО) м-н капталат. Суюл- тулган HCl, H SO , HNO к-таларында акырын- 2 4 3 дык м-н эрийт. Галогендер м-н (F2ден башкасы) бөлмө темп-расында, S, P,N2, Si, As м-н 300– 500°Сде аракеттенет. Ал Со О тү калыбына кел- 3 4 тирүүдөн, К. хлоридин (CoCl2), К. сульфатын (CoSO4) электролиздөөдөн, никелдик, жез-никел­дик, жез-кобальттык, мышьяк-кобальттык кен­дерден алынат. Күкүрт ж-а туз к-таларында суу­текти бөлүп чыгаруу м-н эрип, кызыл түстөгү кристалл-гидрат түрүндөгү туздарды пайда кы­лат: CoSO . 7H O, CoCl . 2H O. Ал азот к-тасы 4 2 2 2 м-н аракеттенгенде, азот оксидине чейин калы­бына келет. Кристаллдык К. нитраты – кызыл түстөгү кристалл-гидрат: Co(NO ) .6H O. К. ар 3 2 2 түрдүү комплекстүү иондор м-н, [Co(NH ) ]3+, [Co(NH ) . H O]3+, [Co(NO ) ]3 ж. б. көп санда- 3 5 2 2 6 ган комплекстүү бирикмелерди пайда кылат.
К. жогорку темп-рага чыдамдуу материалдарды даярдоодо колдонулуучу куймаларды алууда, коррозияга туруктуу материалдардын компонен­ти катары, курамында К. бар катализаторлор­ду даярдоодо, медицинада, техникада колдо­нулат. О. эле К-тан ар түрдүү боёктор, эмалдар даярдалат.