КЛИСФЕН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЛИСФЕ́Н (б. з. ч. 6-к-дын 2-жарымы – 5- к-дын башы) – Байыркы Афины саясатчысы ж-а реформатору. Алкмеониддер тукумунан. Пи­систратийлер тирандыгына каршы кыймылды жетектеген, анын натыйжасында 510-ж. Афи­ныдан Гиппий тираны кетирилип, өлкөнү К. башкарып калган. Аттикада уруулук бөлүнүштү аймактык бөлүнүш м-н алмаштырып, 4 уруу­лук бөлүнүштүн ордуна 10 фил аймагын (ар бир фил тоолуу, жээктеги ж-а ички обл. болуп 3кө бөлүнгөн) түзгөн. К. уруу ак сөөктөрүнүн баш­каруудагы ролун жоюп, Афиныдагы кул ээлик демократиянын негизделишине шарт түзгөн бир катар реформаларды жүргүзгөн.


Ад.: Бузескул В. П. История афинской демократии. 2-ое изд., СПб, 2003.