КЛИСФЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИСФЕ́Н (б. з. ч. 6-кылымдын 2-жарымы – 5-кылымдын башы) – Байыркы Афины саясатчысы ж-а реформатору. Алкмеониддер тукумунан. Пи­систратийлер тирандыгына каршы кыймылды жетектеген, анын натыйжасында 510-жылы Афи­ныдан Гиппий тираны кетирилип, өлкөнү Клисфен башкарып калган. Аттикада уруулук бөлүнүштү аймактык бөлүнүш м-н алмаштырып, 4 уруу­лук бөлүнүштүн ордуна 10 фил аймагын (ар бир фил тоолуу, жээктеги ж-а ички облус болуп 3кө бөлүнгөн) түзгөн. Клисфен уруу ак сөөктөрүнүн баш­каруудагы ролун жоюп, Афиныдагы кул ээлик демократиянын негизделишине шарт түзгөн бир катар реформаларды жүргүзгөн.

Ад.: Бузескул В. П. История афинской демократии. 2-ое изд., СПб, 2003.