КЛАССИКАЛЫК БИЛИМ (ТААЛИМ) БЕРҮҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЛАССИКАЛЫК БИЛИМ (ТААЛИМ) БЕРҮҮ – жалпы орто билим берүүнүн бир түрү. Мында латын, грек тилдерин ж-а антикалык ад-тты үйрөнүү негизги орунду ээлеген. Билим берүүнүн бул түрү Европада Кайра жаралуу доорунан, б. а. антикалык мад-тка кызыгуу күчөгөн мезгилден, ал эми Россияда 17-к-дан өөрчүй баштаган. 18- к-да Петербург ИАга (1726), Москва ун-тине (1755) караштуу, 1758-ж. Казанда алгачкы гимназиялар ачылган. Мамл. гимназиялар Россияда жалпы билим берүүчү орто мектеп катары 1804-жылкы Устав б-ча ачылган. Ал гимназияларда антикалык тилдер м-н ад-тты үйрөнүүгө улам көп көңүл бурулган. 1864-жылкы Устав б-ча классикалык гимназиялар м-н катар реалдуу гимназиялар түзүлгөн, ун-тке кирүүгө реалдуу гимназияларда даярдалган. 1917-жылдан кийин жоюлган. 20-к-дын аягында Россияда классикалык гимназия класстары ачылып, латын ж-а грек тилдери окутулат.