КЛАССИКАЛЫК БИЛИМ (ТААЛИМ) БЕРҮҮ
КЛАССИКАЛЫК БИЛИМ (ТААЛИМ) БЕРҮҮ – жалпы орто билим берүүнүн бир түрү. Мында латын, грек тилдерин жана антикалык адабиятты үйрөнүү негизги орунду ээлеген. Билим берүүнүн бул түрү Европада Кайра жаралуу доорунан, башкача айтканда антикалык маданиятка кызыгуу күчөгөн мезгилден, ал эми Россияда 17-кылымдан өөрчүй баштаган. 18- кылымда Петербург ИАга (1726), Москва университетине (1755) караштуу, 1758-жылы Казанда алгачкы гимназиялар ачылган. Мамлекеттик гимназиялар Россияда жалпы билим берүүчү орто мектеп катары 1804-жылкы Устав боюнча ачылган. Ал гимназияларда антикалык тилдер менен адабиятты үйрөнүүгө улам көп көңүл бурулган. 1864-жылкы Устав боюнча классикалык гимназиялар менен катар реалдуу гимназиялар түзүлгөн, университетке кирүүгө реалдуу гимназияларда даярдалган. 1917-жылдан кийин жоюлган. 20-кылымдын аягында Россияда классикалык гимназия класстары ачылып, латын жана грек тилдери окутулган.