КЛАПЕЙРОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЛАПЕЙРО́Н (Clapeyron) Бернуа Поль Эмиль (26.1.1799, Париж – 28.1.1864, ошол эле жер) – фр. физик ж-а инженер, Париж ИАнын мүчөсү (1858), Петербург ИАнын корр. мүчөсү (1830). Париждеги политех. мектепти аяктаган (1818). 1820–30-жылдары Россияда иштеген. Ил. эмгек­тери жылуулук кубулуштарына, пластикалуу­лукка, катуу нерселердин тең салмактуулугуна арналган. Термодинамикага индикатордук ди­аграммаларды киргизген. 1834-ж. идеалдык газ абалынын теңдемесин (к. Клапейрон теңдеме­си) иштеп чыккан, заттардын эрүү жана кай­ноо темп-раларынын басымдан көз карандуу­лугун (к. Клапейрон-Клаузиус теңдемеси ) көрсөткөн.