КЛАЙПЕДА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЛА́ЙПЕДА (1923-ж. чейин М е м е л ь) – Литвадагы шаар. Данге (Дане) д-нын боюнда жайгашкан. Балтика деңизиндеги тоңбогон ири порт (27 млн т жүк; 2007). Калкы 183,4 миң (2009); калкынын саны б-ча Литвадагы 3- шаар. К-дан 25 км аралыкта Палангада эл ара-

лык аэропорт жайгашкан. Т. ж. бекети. Жолдор тоому. Паром аркылуу Германия (Засниц –
т. ж. парому; Киль), Дания (Орхус, Обенро), Швеция (Карлсхамн) м-н байланышат. Балык флотунун деңиздеги базасы. Балык кармалып, беленделет. Шаардын экономикасынын негизин портту тейлөө түзөт. Кеме куруу ж-а ремонттоо, текстиль (кебез-кездемелери токулат), целлюлоза-кагаз ө. ж. ишканалары иштейт. Жакут ташынан көркөм зер буюмдар жасалат. 17–
18-к-дын арх-ра эстеликтери сакталган. 1252-ж. Мемельбург сепили катары негизделген. 1525- жылдан Пруссиянын, 1871-жылдан Германия империясынын, 1920-жылдан Антанта мамлекетинин башкаруусунда, 1923-жылдан Литванын курамында. Ун-т (1991, деңиз кеме кызматкерлерин даярдайт), консерватория, драма театры, музейлер (а. и. край таануу, деңиз, саат), сүрөт галереясы бар. Почтамттын имаратынын мунарасында 48 коңгуроолуу карийон орнотулган (1987). Жыл сайын муз. фестивалдар (1976,
«Клайпеда музыкалуу жазы»; жаз музыкасы, 1993) ж-а деңиз майрамы (июль–август) өткөрүлүп турат.