КЛАВИР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЛАВИ́Р (нем. Кlaviеr) – 1) европ. клавишалуу муз. аспаптардын (клавикорд, клавесин, фор­тепьяно, орган ж-а алардын түрлөрү) жалпы аты; 2) клавираусцуг – муз. сахна чыгармала­рын (опера, оратория, кантата ж. б.) фортепья­но м-н ырдоого которуу. К. музыка жаратуунун негизги элементтерин: обонду, гармонияны, ыр­гакты камтыйт. Бул учурда оркестрдин үндөрү гана которулат. К. вокалдык партияларды ат­каруучу ж-а хор жаттоо үчүн репетиция процес­синде ж. б. колдонулат. Балет музыкасын скрип­када ойноого которуу м-н мурда колдонулуп жүргөн «репетиторду» алмаштырды.