КЛАВИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛАВИ́Р (немисче Кlaviеr) – 1) европалык клавишалуу музыкалык аспаптардын (клавикорд, клавесин, фор­тепьяно, орган жана алардын түрлөрү) жалпы аты; 2) клавираусцуг – музыкалык сахна чыгармала­рын (опера, оратория, кантата жана башкалар) фортепья­но менен ырдоого которуу. Клавир музыка жаратуунун негизги элементтерин: обонду, гармонияны, ыр­гакты камтыйт. Бул учурда оркестрдин үндөрү гана которулат. Клавир вокалдык партияларды ат­каруучу жана хор жаттоо үчүн репетиция процес­синде жана башкаларда колдонулат. Балет музыкасын скрип­када ойноого которуу менен мурда колдонулуп жүргөн «репетиторду» алмаштырды.