КИЧИ ҮЗӨҢГҮ-КУУШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КИЧИ ҮЗӨҢГҮ-КУУШ – Ички Теңир-Тоодогу суу, Чоң Үзөңгү-Кууштун сол куймасы. Жети- Өгүз р-нунда. Уз. 35 км, алабынын аянты 685 км2. Борколдой кырка тоосунун түн.-батыш капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, адегенде чыгышка (5–6 км), бара-бара түш.-чыгышты карай агат. Өрөөнү кууш, суусу шар агат. Ири куймалары: Ичке-Суу (22 км), Кайнар (24 км; алабында аянты 0,56 км2 келген Кайнар көлү бар), Тосмо-Чоң-Капчыгай (22 км). Жылдык орт. чыгымы 3,75 м3/сек. Эң көбү июль – августта, азы март – апрелде байкалат. Май айында кире баштап, октябрда тартылат.