КИЧИ АК-СУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КИЧИ АК-СУУ – Ысык-Көлгө куйган суу.
Ысык-Көл р-нунда. Уз. 34 км, алабынын аян­ты 192 км2. Күнгөй Ала-Тоонун түш. капталы­нан башталып, кууш өрөөн аркылуу агат. Ала­бы карагайлуу. Ири куймалары: Желе-Карагай, Сүттүү-Булак. Алабында 3 көл бар. Негизинен мөңгү, кар ж-а булактан куралат. Жылдык орт. чыгымы 2,97 м3/сек. Байкалган эң көп чыгы­мы 31 м3/сек, эң азы 0,22 м3/сек. Апрелде кире баштап, ноябрда тартылат. Сугатка пайдала­нылат. Жээгинде Семёновка, Кожояр кыш. жайгашкан.