КИТЕПКАНА ФОНДУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КИТЕПКАНА ФОНДУкитепканадагы бел­гилүү санда топтолгон ад-ттар; китептердин саны ж-а сапаты, анын уюштурулушу, сакта­лышы, илимдин түрдүү тармактарына бөлүнүшү, о. эле окурмандарга берилиши, ад-ттардын колдон колго өтүшү сыяктуу иштерди аткарат. К. ф. китепкананын аткарган милдетине ж-а К. ф-нун мазмунуна жараша универсал ж-а ата­йын деп бөлүнөт. Универсал К. ф. чоң китепка­наларда, ал эми атайын К. ф. өндүрүштүн, илим­дин тигил же бул тармагынын китепканасын­да топтолот. К. ф. мезгилдин талабына ыла­йык жаңы чыккан ад-ттар м-н дайыма толук­талып, классификацияга салынып, илим тар­мактарына бөлүнөт, китепканалык текчеде клас­сификациялык таблицада жайгашат. К. ф. ки­теп сактай турган бөлүмү бар китепканаларда же (андай бөлүмү жокторунда) тейлөө бөлүмүнүн алдында болот.