КИТЕПКАНА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КИТЕПКАНА – басма сөз басылмаларын (китеп, гезит, журнал ж. б.) топтоону, сактоону ж-а коомдук пайдаланууну камсыз кылуучу мекеме. К. басмадан чыккан басылмаларды топтоо, сактоо, окурмандарга сунуш кылуу ж-а пропагандалоо б-ча иш алып барат, о. эле маалыматтык библиогр. иштерди жүргүзөт. К. окурманга өз алдынча билим алууга, маданий деңгээлин жогорулатууга жардам берет. Иштөө ыкмасына жараша К-лар массалык, ил. ж-а атайын деп бөлүнөт. Массалык К-лар ад-ттарды тандоо ж-а окурмандардын кеңири чөйрөсүнө жеткирүү, багыт берүү ишин аткарат. Мындай иштерди айылдык ж-а шаардык К-лар жүргүзөт. Ил. К-лар илим, мад-т ж-а эл чарба адистерин тейлейт, о. эле студенттердин, мугалимдердин муктаждыктарын канааттандырат. Буга мамл., акад., ун-ттик ж-а илимдин бардык тармагындагы К-лар кирет. Ал эми атайын К-га мис., техника, тех. ишкана, ИИИлер м-н ЖОЖдордун К-лары кирет. К-лар универсал, тармактуу ж-а көп тармактуу деп да бөлүнөт. К-лардын негизги багыты – китеп фондун комплекттөө, уюштуруу ж-а окурмандарды тейлөө. Китепкана фонду, китепкана аралык абонемент, китепкана каталогу, китепкана таануу, китепканалык-библиографиялык классификация ж. б. у. с. тейлөө ыкмалары бар. К-лар жазма мурастар сакталчу жай катары байыркы заманда эле пайда болгон. Кайра жаралуу доорунда (15–16 к.) Батыш Европада К. иши өзгөчө өнүккөн. Бирок ал кездеги К-ларда негизинен сейрек китептер гана сакталган. Россияда биринчи К-ны 1037-ж. Киевде София соборунда Ярослав Мудрый уюштурган. 11–12-к-да Новгороддо, кийин 18-к-да Россияда бир нече К. уюшулган. 15–17-к-да Москвада көптөгөн К-лар ачылган. Пётр Iнин реформасы м-н 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Россияда К. иши ыкчам өнүккөн. 1917-жылдан кийин СССРде өзгөчө ылдам темпте өнүгө баштаган. 20-к-дын 70-жылдары К-нын саны Венгрияда 25 миң, Болгарияда 12 миң, Германияда 22 миң, Польшада 50 миңге жеткен. Ал эми Кырг-нда Октябрь ревясына чейин бир эле К. болсо, 2010-ж. 2001 массалык К. иштеп, Кыргыз улуттук китепканасы ж-а К. Баялинов атн. Кыргыз Республикасынын балдар жана жаштар китепканасы ири К. болуп эсептелет.