КАШАТ (Арыктын, аңдын бийик жери): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

07:39, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАШАТ – 1) суунун, арыктын, аңдын бийик жери; айрым учурда тепкич сымал кемер-кыр м-н чектелген, дарыяны көздөй бир аз жанта­йыңкы тегиз аянт да кашат аталат. Кээде кашаттар 4–5 ж-а 8–12 санда болушу мүмкүн. Жер кырты­шынын суу м-н желишинен ж-а шиленди чөкмөлөрдүн топтолушунан пайда болот. Ак­кумуля циялык кашат борпоң чөкмө аллю­вийден, ц о к о л д у к кашаттын үстү аллювийден, асты чулу тоо тектен; э р о з и я л ы к кашат бүт бойдон чулу тектен турат. Кашаттардын жашы тоо тектеринин структуралык түзүлүшү, андагы органикалык калдыктар ж-а морфологиясы боюнча аныкталат. Түздүктөгү чоң дарыялардын кашаттары кенен, туурасы бир нече км болот. Кашат калк жашаган жер­лерди ж-а жолдорду куруу, айдоо жер үчүн пай­даланылат (к. Тектир); 2) шымдын, дамбал­дын белге келүүчү, ычкыр же кур байлануучу жээги.