КАШАТ (Арыктын, аңдын бийик жери)
КАШАТ – 1) суунун, арыктын, аңдын бийик жери; айрым учурда тепкич сымал кемер-кыр м-н чектелген, дарыяны көздөй бир аз жантайыңкы тегиз аянт да кашат аталат. Кээде кашаттар 4–5 ж-а 8–12 санда болушу мүмкүн. Жер кыртышынын суу м-н желишинен ж-а шиленди чөкмөлөрдүн топтолушунан пайда болот. Аккумуля циялык кашат борпоң чөкмө аллювийден, ц о к о л д у к кашаттын үстү аллювийден, асты чулу тоо тектен; э р о з и я л ы к кашат бүт бойдон чулу тектен турат. Кашаттардын жашы тоо тектеринин структуралык түзүлүшү, андагы органикалык калдыктар ж-а морфологиясы боюнча аныкталат. Түздүктөгү чоң дарыялардын кашаттары кенен, туурасы бир нече км болот. Кашат калк жашаган жерлерди ж-а жолдорду куруу, айдоо жер үчүн пайдаланылат (к. Тектир); 2) шымдын, дамбалдын белге келүүчү, ычкыр же кур байлануучу жээги.