КАТОЛИЦИЗМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАТОЛИЦИ́ЗМ</b> (гр. Katholikjs – жалпы, аалам­дык) – христианчылыктагы негизги агымдар­дын бири (православие ж-а протестантизм м-н катар). Батыш Европа (Италия, Испания, Пор­тугалия, Германия, Франция, Бельгия, Ирлан­дия, Австрия, Польша, Венгрия, Чехия, Сло­вакия ж. б.) ж-а Латын Америка өлкөлөрүнүн көпчүлүк калкы | <b type='title'>КАТОЛИЦИ́ЗМ</b> (гр. Katholikjs – жалпы, аалам­дык) – христианчылыктагы негизги агымдар­дын бири (православие ж-а протестантизм м-н катар). Батыш Европа (Италия, Испания, Пор­тугалия, Германия, Франция, Бельгия, Ирлан­дия, Австрия, Польша, Венгрия, Чехия, Сло­вакия ж. б.) ж-а Латын Америка өлкөлөрүнүн көпчүлүк калкы католицизмди тутат, ошондой эле Кубада, Бал­тика боюнда ж-а Беларуссия м-н Украинанын батыш облустарында да католиктер басымдуулук кылат. Католицизм динин туткандардын саны 1,7 млрд, анын ичинде 5 миң епископ, 400дөн ашык поп, 30 миң­ден ашык дьякон, 800 миң монахинья, 55 миң монах ж-а 100 миңдей дин семинариясы бар (2000). Католицизм 3–5-кылымдарда Рим империясынын батыш ж-а чыгыш бөлүгүндө пайда болуп, көп кылым­дар бою Батыш Европада үстөмдүк кылган.<br>Христиан чиркөөсү 1054–1204-жылдарда католик ж-а православие чиркөөлөрүнө бөлүнгөн. 16-кылымдарда католицизмден протестантизм ажырап чыккан. Католик чиркөөсүнүн уюштурулушу бекем борборлошту­рулгандыгы ж-а иерархиялык мүнөзү м-н айыр­маланат. Монархиялык борбору – <i>папачылык</i>, башчысы – <i>Рим папасы,</i> анын резиденциясы – <i>Ватикан</i>. Католицизмдин расмий философиялык доктринасы – неотомизм (Фома Аквинскийдин окуусуна не­гизделет). Диний ишеним окуусунун булагы – Ыйык жазуу (Библия) ж-а Ыйык уламыш. Ка­толик чиркөөсү православие чиркөөсүнөн айыр­маланып, догматтарды өнүктүрүү принцибин ж-а диний ырым-жырымдарды да колдойт. Бул принцип боюнча чиркөө соборлору жаңы догмат­тарды [Толед соборунда католицизмдин (Троица жөнүндөгү) «филиокве» (лат. Filiogue – уулдан дагы) дог­матында Ыйык Рухту Ата Кудай гана эмес, Уул Кудай да жараткан деп эсептейт (589); Ферраро- Флорентий соборунда «тазартуу» тууралуу дог­мат (1439); I Ватикан соборунда Рим папасы­нын жаңылбастыгы (католицизмде дин кызматкерлери никеге кирбөөгө, үй-бүлө, бала, чарба күтпөөгө ант беришет) жөнүндөгү догмат (1870); Ыйык Ма­риянын айыпсыз кош бойлуу болушу жөнүндө дог­мат (1954); Ыйык Мариянын өлгөндөн кийин кайып болуп кетиши тууралуу догмат (1950) ж. б.] кабыл алууга толук укуктуу. Католицизм Рим па­пасын чиркөө башчысы гана эмес, Христостун мурасчысы, христиандардын атасы ж-а устаты деп атайт. Католицизмде дин кызматкерлери Кудайды нан ж-а вино (нан – Христостун денесинин, вино – канынын символу) м-н эскерип, үстүнөн суу куюу аркылуу чокундуруу ырымы аткарылат. Католиктер латын тилинде жазылган Библия­ны гана мыйзамдуу (канондуу) деп эсептешип, аны башка тилдерге которууга тыюу салышкан. 1962-жылдан II Ватикан соборунун чечими м-н диний кызмат жергиликтүү элдин тилинде жүргүзүлөт. Рим-католик чиркөөсү өз бийлигин динсиз мам­лекеттерге орнотууга ж-а аларды саясий тескөөгө алууга умтулган. Ошондуктан Батыш Европа­нын орто кылымдардагы тарыхы Рим папалары­нын чиркөөгө баш ийбеген динсиз мамлекеттерге каршы тынымсыз күрөшү м-н коштолгон. Католицизмде зомбулук христиан динин орнотуунун, таратуу­нун ж-а коргоонун негизги каражаты болуп са­налган. Ошол максатта католиктер тарабынан түзүлгөн аскерлештирилген уюмдар ж-а кечил­дик ордендер еретиктерге каршы күрөшүп, инк­визиция сотун негиздешкен. Кудайды таанып ­билүү акыл м-н илимдин жардамысыз эч мүмкүн эмес деген түшүнүк калыптанган. Азыркы католицизмде катуу тартипти карманган дин кызматчылары­нан турган армиясы, көптөгөн монахтык орден­дери, миссионердик, кайрымдуулук ж. б. диний уюмдары ж-а мекемелери, ошондой эле саясий партия­лары, профсоюздары, жаштар ж-а аялдар би­рикмелери ж. б. светтик массалык уюмдары бар. Диний идеология ж-а социалдык-саясий идея­ларды таратуу үчүн радио, кино, телекөрсөтүү, басмакана ж-а католиктик окуу жайлары пай­даланылат. | ||
(2000). | |||
ж-а чыгыш бөлүгүндө пайда болуп, көп кылым­дар бою Батыш Европада үстөмдүк кылган.<br> | |||
Христиан чиркөөсү 1054–1204- | |||
православие чиркөөлөрүнө бөлүнгөн. 16- | |||
чиркөөсүнүн уюштурулушу бекем борборлошту­рулгандыгы ж-а иерархиялык мүнөзү м-н айыр­маланат. Монархиялык борбору – <i>папачылык</i>, | |||
башчысы – <i>Рим папасы,</i> анын резиденциясы – | |||
<i>Ватикан</i>. | |||
неотомизм (Фома Аквинскийдин окуусуна не­гизделет). Диний ишеним окуусунун булагы – | |||
Ыйык жазуу (Библия) ж-а Ыйык уламыш. Ка­толик чиркөөсү православие чиркөөсүнөн айыр­маланып, догматтарды өнүктүрүү принцибин ж-а диний ырым-жырымдарды да колдойт. Бул принцип | |||
«филиокве» (лат. Filiogue – уулдан дагы) дог­матында Ыйык Рухту Ата Кудай гана эмес, Уул Кудай да жараткан деп эсептейт (589); Ферраро- Флорентий соборунда «тазартуу» тууралуу дог­мат (1439); I Ватикан соборунда Рим папасы­нын жаңылбастыгы ( | |||
ж-а вино (нан – Христостун денесинин, вино – | |||
канынын символу) м-н эскерип, үстүнөн суу куюу аркылуу чокундуруу ырымы аткарылат. Католиктер латын тилинде жазылган Библия­ны гана мыйзамдуу (канондуу) деп эсептешип, аны башка тилдерге которууга тыюу салышкан. 1962-жылдан II Ватикан соборунун чечими м-н диний кызмат | |||
<p align='right'><i type='author'>Т. Өмүрова.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Т. Өмүрова.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
05:44, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАТОЛИЦИ́ЗМ (гр. Katholikjs – жалпы, ааламдык) – христианчылыктагы негизги агымдардын бири (православие ж-а протестантизм м-н катар). Батыш Европа (Италия, Испания, Португалия, Германия, Франция, Бельгия, Ирландия, Австрия, Польша, Венгрия, Чехия, Словакия ж. б.) ж-а Латын Америка өлкөлөрүнүн көпчүлүк калкы католицизмди тутат, ошондой эле Кубада, Балтика боюнда ж-а Беларуссия м-н Украинанын батыш облустарында да католиктер басымдуулук кылат. Католицизм динин туткандардын саны 1,7 млрд, анын ичинде 5 миң епископ, 400дөн ашык поп, 30 миңден ашык дьякон, 800 миң монахинья, 55 миң монах ж-а 100 миңдей дин семинариясы бар (2000). Католицизм 3–5-кылымдарда Рим империясынын батыш ж-а чыгыш бөлүгүндө пайда болуп, көп кылымдар бою Батыш Европада үстөмдүк кылган.
Христиан чиркөөсү 1054–1204-жылдарда католик ж-а православие чиркөөлөрүнө бөлүнгөн. 16-кылымдарда католицизмден протестантизм ажырап чыккан. Католик чиркөөсүнүн уюштурулушу бекем борборлоштурулгандыгы ж-а иерархиялык мүнөзү м-н айырмаланат. Монархиялык борбору – папачылык, башчысы – Рим папасы, анын резиденциясы – Ватикан. Католицизмдин расмий философиялык доктринасы – неотомизм (Фома Аквинскийдин окуусуна негизделет). Диний ишеним окуусунун булагы – Ыйык жазуу (Библия) ж-а Ыйык уламыш. Католик чиркөөсү православие чиркөөсүнөн айырмаланып, догматтарды өнүктүрүү принцибин ж-а диний ырым-жырымдарды да колдойт. Бул принцип боюнча чиркөө соборлору жаңы догматтарды [Толед соборунда католицизмдин (Троица жөнүндөгү) «филиокве» (лат. Filiogue – уулдан дагы) догматында Ыйык Рухту Ата Кудай гана эмес, Уул Кудай да жараткан деп эсептейт (589); Ферраро- Флорентий соборунда «тазартуу» тууралуу догмат (1439); I Ватикан соборунда Рим папасынын жаңылбастыгы (католицизмде дин кызматкерлери никеге кирбөөгө, үй-бүлө, бала, чарба күтпөөгө ант беришет) жөнүндөгү догмат (1870); Ыйык Мариянын айыпсыз кош бойлуу болушу жөнүндө догмат (1954); Ыйык Мариянын өлгөндөн кийин кайып болуп кетиши тууралуу догмат (1950) ж. б.] кабыл алууга толук укуктуу. Католицизм Рим папасын чиркөө башчысы гана эмес, Христостун мурасчысы, христиандардын атасы ж-а устаты деп атайт. Католицизмде дин кызматкерлери Кудайды нан ж-а вино (нан – Христостун денесинин, вино – канынын символу) м-н эскерип, үстүнөн суу куюу аркылуу чокундуруу ырымы аткарылат. Католиктер латын тилинде жазылган Библияны гана мыйзамдуу (канондуу) деп эсептешип, аны башка тилдерге которууга тыюу салышкан. 1962-жылдан II Ватикан соборунун чечими м-н диний кызмат жергиликтүү элдин тилинде жүргүзүлөт. Рим-католик чиркөөсү өз бийлигин динсиз мамлекеттерге орнотууга ж-а аларды саясий тескөөгө алууга умтулган. Ошондуктан Батыш Европанын орто кылымдардагы тарыхы Рим папаларынын чиркөөгө баш ийбеген динсиз мамлекеттерге каршы тынымсыз күрөшү м-н коштолгон. Католицизмде зомбулук христиан динин орнотуунун, таратуунун ж-а коргоонун негизги каражаты болуп саналган. Ошол максатта католиктер тарабынан түзүлгөн аскерлештирилген уюмдар ж-а кечилдик ордендер еретиктерге каршы күрөшүп, инквизиция сотун негиздешкен. Кудайды таанып билүү акыл м-н илимдин жардамысыз эч мүмкүн эмес деген түшүнүк калыптанган. Азыркы католицизмде катуу тартипти карманган дин кызматчыларынан турган армиясы, көптөгөн монахтык ордендери, миссионердик, кайрымдуулук ж. б. диний уюмдары ж-а мекемелери, ошондой эле саясий партиялары, профсоюздары, жаштар ж-а аялдар бирикмелери ж. б. светтик массалык уюмдары бар. Диний идеология ж-а социалдык-саясий идеяларды таратуу үчүн радио, кино, телекөрсөтүү, басмакана ж-а католиктик окуу жайлары пайдаланылат.
Т. Өмүрова.