КАТАРАКТА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАТАРА́КТА</b> (гр. katarrhaktes – шаркыратма) | <b type='title'>КАТАРА́КТА</b> (гр. katarrhaktes – шаркыратма) –көз чечекейинин тунарышы. Ал жарык нуру­нун өтүшүнө тоскоол болуп, көрүүнү начарла­тат. Тубаса ж-а кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса катаракта түйүлдүктө эле пайда болот. Анда че­чекейдин тунаруусу жаш өткөн сайын өзгөрбөйт, тунук бөлүктөр сакталып, көрүү анча начарла­байт. Кийин пайда болгон катарактада тунаруу чечекей­дин чет жагынан башталса, көрүүнүн начарла­ганы көпкө чейин сезилбейт. Кийинчерээк чет­теги тунаруу ортого чогулуп кошулганда көрүү начарлайт. Буга улгайгандардын катарактасы мүнөздүү. Мында бүт чечекей бозоруп, көз дээрлик көрбөй калат. Катарактанын күчөшүнө кант диабети, көздүн көп оорушу, көздүн майып болушу, ошондой эле жо­горку температура ж. б. шарт түзөт. Чечекейдин ту­нарышы күчөгөндө хирургиялык жол м-н дарылайт. Айрым учурда жасалма чечекей коюлат. | ||
Ад.: <i>Евграфов В. Ю., Батманов Ю. Е.</i> Катаракта. М., 2005. | Ад.: <i>Евграфов В. Ю., Батманов Ю. Е.</i> Катаракта. М., 2005. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
03:45, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КАТАРА́КТА (гр. katarrhaktes – шаркыратма) –көз чечекейинин тунарышы. Ал жарык нурунун өтүшүнө тоскоол болуп, көрүүнү начарлатат. Тубаса ж-а кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса катаракта түйүлдүктө эле пайда болот. Анда чечекейдин тунаруусу жаш өткөн сайын өзгөрбөйт, тунук бөлүктөр сакталып, көрүү анча начарлабайт. Кийин пайда болгон катарактада тунаруу чечекейдин чет жагынан башталса, көрүүнүн начарлаганы көпкө чейин сезилбейт. Кийинчерээк четтеги тунаруу ортого чогулуп кошулганда көрүү начарлайт. Буга улгайгандардын катарактасы мүнөздүү. Мында бүт чечекей бозоруп, көз дээрлик көрбөй калат. Катарактанын күчөшүнө кант диабети, көздүн көп оорушу, көздүн майып болушу, ошондой эле жогорку температура ж. б. шарт түзөт. Чечекейдин тунарышы күчөгөндө хирургиялык жол м-н дарылайт. Айрым учурда жасалма чечекей коюлат.
Ад.: Евграфов В. Ю., Батманов Ю. Е. Катаракта. М., 2005.