КАРТОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРТОГРА́ФИЯ</b> (<i>карта</i> ж-а <i>...графия</i>) – кар­ | <b type='title'>КАРТОГРА́ФИЯ</b> (<i>карта</i> ж-а <i>...графия</i>) – кар­тографиялык эмгектердин (<i>географиялык карталар, гло­бустар,</i> рельеф карталары, Айдын, планеталар­дын, жылдыздуу асмандын карталары ж. б.) теориясы, методикасы, аларды түзүү ж-а пай­далануу ыкмалары жөнүндөгү илим. Коом ж-а та­бият кубулуштарынын (алардын жайгашуусу, структуралары, касиеттери, өз ара байланыш­тары, өзгөрүү мезгилдери) мейкиндикте орун алышын, айкалышын ж-а өз ара байланышын чагылдырат. Картография илим катары төмөнкүдөй бөлүм­дөрдөн турат: <i>карта таануу,</i> математикалык картогра­фия, карталарды проекциялоо ж-а түзүү, кар­таларды жасалгалоо, карталарды чыгаруу, кар­таларды пайдалануу, картография өндүрүш мекеме­лери, картографиянын тарыхы. Айрым тема­тикалык карталардын түрүнүн өзгөчөлүгү (геологиялык, топурак, экономикалык ж. б.) ж-а аларды түзүү ыкмала­ры картографиянын башка тармактарынын пайда болу­шуна шарт түздү. Топографиялык картография <i>топография, геоде­зия</i> илимдери м-н тыгыз байланыштуу. Космосту сүрөткө тартуунун өнүгүүсү м-н жаңы багыт – космостук картография пайда болду. | ||
чагылдырат. | |||
сүрөткө тартуунун өнүгүүсү м-н жаңы багыт – | |||
космостук | |||
Ад.: Картография. Т. 7. М., 1976; <i>Сорокин А. И.</i> Морская картография. М., 1985; <i>Берлянт А. М.</i> Образ пространства: карта и информация. М., 1986; <i>ошол эле.</i> Картография М., 2002; <i>Серапинас Б. Б.</i> Мате­матическая картография. М., 2005. | Ад.: Картография. Т. 7. М., 1976; <i>Сорокин А. И.</i> Морская картография. М., 1985; <i>Берлянт А. М.</i> Образ пространства: карта и информация. М., 1986; <i>ошол эле.</i> Картография М., 2002; <i>Серапинас Б. Б.</i> Мате­матическая картография. М., 2005. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
03:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРТОГРА́ФИЯ (карта ж-а ...графия) – картографиялык эмгектердин (географиялык карталар, глобустар, рельеф карталары, Айдын, планеталардын, жылдыздуу асмандын карталары ж. б.) теориясы, методикасы, аларды түзүү ж-а пайдалануу ыкмалары жөнүндөгү илим. Коом ж-а табият кубулуштарынын (алардын жайгашуусу, структуралары, касиеттери, өз ара байланыштары, өзгөрүү мезгилдери) мейкиндикте орун алышын, айкалышын ж-а өз ара байланышын чагылдырат. Картография илим катары төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат: карта таануу, математикалык картография, карталарды проекциялоо ж-а түзүү, карталарды жасалгалоо, карталарды чыгаруу, карталарды пайдалануу, картография өндүрүш мекемелери, картографиянын тарыхы. Айрым тематикалык карталардын түрүнүн өзгөчөлүгү (геологиялык, топурак, экономикалык ж. б.) ж-а аларды түзүү ыкмалары картографиянын башка тармактарынын пайда болушуна шарт түздү. Топографиялык картография топография, геодезия илимдери м-н тыгыз байланыштуу. Космосту сүрөткө тартуунун өнүгүүсү м-н жаңы багыт – космостук картография пайда болду.
Ад.: Картография. Т. 7. М., 1976; Сорокин А. И. Морская картография. М., 1985; Берлянт А. М. Образ пространства: карта и информация. М., 1986; ошол эле. Картография М., 2002; Серапинас Б. Б. Математическая картография. М., 2005.