КАРСТ (Словениядагы акиташ тектүү плато): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

09:47, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАРСТ , К р а с, Д и н а р а К р а с ы (нем. Karst, словенче Kras) – Словениядагы акиташ тектүү плато (батыш чет-жакасы Италияда); Динара тайпак тоосунун курамында. Истрия жарым аралынан түндүктө. Бийиктиги 643 мге чейин (Трстель чоку­су). Рельефтин накта карсттык формалары (во­ронка, кудук, үңкүрлөр), туюк чуңкурдуктар ж. б. мүнөздүү. Агын суу дээрлик жок, өсүм­дүктөрү сейрек. Күрдүү топурактуу чуңкурчак­тарында жүзүм өстүрүлөт. Платодо дүйнөгө бел­гилүү Постойнска-Яма үңкүрү бар.