КАРАТАЕВ Олжобай: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

10:04, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КАРАТАЕВ Олжобай Кубатбекович (23. 8. 1963, Ош облусу, Сузак району, Орто Азия кыштагы) – тарых илимдеринин доктору (2004), профессор (2009). 1990-жылы КМУну бүтүргөн. 1990–93-жылдарда КР УИАда илимий кызматкер, 1993–2009-жылдарда Ж. Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетинде окутуучу, улук окутуу­чу, доцент, Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн та­рыхы кафедрасынын башчысы, 1-проректору. 2009-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу. Кыргыз элинин теги, келип чыгы­шы, кыргыз жазуу маданиятынын тарыхы, эн там­га белгилери ж-а алардын байыркы этностук башаты, эл катары калыптануу этаптары ж. б. боюнча изилдөөлөрү бар. 100дөй илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография, 7 окуу-методикалык кол­донмо) автору.

Эмг.: Кыргыздардын этномаданий байланыштары­нын тарыхынан. Б., 2003; Кыргыз этнонимдер сөз­дүгү. Б., 2003; Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк (авторлош). Б., 2005.