КАРАТАЕВ Олжобай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАРАТАЕВ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАТАЕВ Олжобай Кубатбекович (23. 08. 1963, Ош облусу, Сузак району, Орто Азия кыштагы) – тарых илимдеринин доктору (2004), профессор (2009). 1990-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1990–1993-жылдарда Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясында илимий кызматкер, 1993–2009-жылдарда Ж. Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетинде окутуучу, улук окутуу­чу, доцент, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн та­рыхы кафедрасынын башчысы, 1-проректору. 2009-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу. Кыргыз элинин теги, келип чыгы­шы, кыргыз жазуу маданиятынын тарыхы, эн там­га белгилери ж-а алардын байыркы этностук башаты, эл катары калыптануу этаптары ж. б. боюнча изилдөөлөрү бар. 100дөй илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография, 7 окуу-методикалык кол­донмо) автору.

Эмг.: Кыргыздардын этномаданий байланыштары­нын тарыхынан. Б., 2003; Кыргыз этнонимдер сөз­дүгү. Б., 2003; Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк (авторлош). Б., 2005.