КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ (дарылык касиети бар суу): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – </b>дарыла­нууга ж-а ичүүгө жарамдуу муздак суу булагы. Нарын | <b type='title'>КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – </b>дарыла­нууга ж-а ичүүгө жарамдуу муздак суу булагы. Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Казыбек кыштагынан 65–70 <i>км</i> түштүк-батышта. Какшаал кырка тоосунун түндүк этегинде, Арпа ж-а Кара­кол (чыгыш) сууларынын кошулган жеринде. Деңиз деңгээлинен 3200 <i>м</i> бийикте. Суу жергиликтүү элге ил­гертен белгилүү. 1932-жылы геологиялык маалымат берил­ген. Кен аймагын палеозой м-н мезозойдо пай­да болгон кумдук, чопо, сланец, акиташ текте­ри түзөт. Минералдуу булак юранын карбонат­туу кумдук, акиташ тектериндеги тектоникалык жа­ракадан агып чыгат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, бир аз туз даамданат. Темир гидроокси­ди басымдуу болгондуктан, булак агып чыккан жердеги тектерде саргыч күрөң дат кездешет. Температурасы 6°С. Курамы гидрокарбонат-сульфат­кальций-магнийлүү. Дебити 5 <i>л/сек</i>. [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
кырка тоосунун | |||
10:30, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыланууга ж-а ичүүгө жарамдуу муздак суу булагы. Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Казыбек кыштагынан 65–70 км түштүк-батышта. Какшаал кырка тоосунун түндүк этегинде, Арпа ж-а Каракол (чыгыш) сууларынын кошулган жеринде. Деңиз деңгээлинен 3200 м бийикте. Суу жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1932-жылы геологиялык маалымат берилген. Кен аймагын палеозой м-н мезозойдо пайда болгон кумдук, чопо, сланец, акиташ тектери түзөт. Минералдуу булак юранын карбонаттуу кумдук, акиташ тектериндеги тектоникалык жаракадан агып чыгат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, бир аз туз даамданат. Темир гидрооксиди басымдуу болгондуктан, булак агып чыккан жердеги тектерде саргыч күрөң дат кездешет. Температурасы 6°С. Курамы гидрокарбонат-сульфаткальций-магнийлүү. Дебити 5 л/сек.