КИРШЁЛК кыштагы: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Lera moved page КИРШЁЛК to КИРШЁЛК кыштагы) |
(Айырма жок)
| |
05:35, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИРШЁЛК – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Люксембург айыл округуна караштуу. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун, Бишкек – Балыкчы темир жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 735 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети. Кант шаарынан 5 км батыш тарапта. Кыштактын түндүк тарабынан Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 2386 (2008); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, маданият үйү жана башкалар бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү иштейт.