КЕРИМБАЕВ Асанкалый: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

07:14, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕРИМБАЕВ Асанкалый (7. 2. 1950, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Ренжит айылы — 10. 12. 1999, Бишкек) — обончу, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1996). Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүткөн (1974). Токтогул райондук элдик театрында (1967—1969), Кыргыз мамлекеттик драма театрында, Кыргыз ССР телерадиокомитетинде (1974—1984) иштеген. 100дөй обондун автору. Чыгармачылыгынын өзөгүн жаштык, сүйүү сезим­дерин жана табият көркүн ча­гылдырган обондор түзөт.


«Мунарым» (сөзү А. Током­баевдики), «Кусалык» (сөзү Ж. Мамытовдуку), «Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат» (сөзү А. Өмүркановдуку), «Сулууга» (сөзү А. Осмонов­дуку), «Ак булуттар» (сөзү О. Султановдуку) жана башка обондору кыргыз ыр казынасын байытты. Эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук фестивалынын (1976), республикалык кароо-сынактардын жеңүүчүсү болгон. Ырлары «Үч кайнар» (2004) аттуу обон­дуу ыр жыйнагына (Р. Абдыкадыров, Э. Маа­данбековдун чыгармалары менен бирге) кирген. А. Керимбаевдин чыгармачылык жолу «Ырга айланган өмүр» ат­туу китепте (1987), «Жалгыздык» телетасмасын­да (2001, автору Б. Боркеев) чагылдырылган.