КАРА-ОЙ (Ак-Талаа районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРА-ОЙ 1 to КАРА-ОЙ (Ак-Талаа районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
| |
09:15, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КАРА-ОЙ – Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы кыштак. Тоголок Молдо атындагы айыл округуна караштуу. Нарын дарыясынын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1900 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баетов кыштагынан 57 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 282 км. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 2793 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мечит бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры С. Конгайтиев туулган.