КАРА-МАРТ (Көгарттын оң куймасы): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРА-МАРТ to КАРА-МАРТ (Көгарттын оң куймасы)) |
(Айырма жок)
| |
07:30, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА-МАРТ – Көгарттын оң куймасы. Сузак районунун аймагында. Узундугу 25 км, алабынын аянты 176 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1500 м. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы бөксө тоодон Жошо деген ат м-н башталып, кууш кокту аркылуу батышка карай, ортоңку агымында жазыраак Кара-Март өрөөнүнө чыгып, түштүктү карай агат. Оң куймасы – Ак-Тооктун чатынан кууш босого аркылуу өтүп, Көгартка куят. Негизги куймасы – Ак-Тоок (узундугу 20 км; баш жагы Каду деп аталат). Жылдык орточо чыгымы 0,91 м2/сек, эң көбү апрель–майда, эң азы февралда байкалат. Негизинен кар, жаан-чачын ж-а булак сууларынан куралат. Өрөөндүн айрым жеринде жаңгак токою кездешет. Сугатка пайдаланылат. Алабында Кыз-Көл, Кара-Март, Ак-Талаа, Кутурган, Ак-Тоок ж. б. кыштактар жайгашкан.