КАРА-МАРТ (Көгарттын оң куймасы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-МАРТ – Көгарттын оң куймасы. Сузак районунун аймагында. Узундугу 25 км, алабынын аян­ты 176 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1500 м. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш кап­талындагы бөксө тоодон Жошо деген ат м-н башталып, кууш кокту аркылуу батышка ка­рай, ортоңку агымында жазыраак Кара-Март өрөөнүнө чыгып, түштүктү карай агат. Оң куй­масы – Ак-Тооктун чатынан кууш босого аркы­луу өтүп, Көгартка куят. Негизги куймасы – Ак-Тоок (узундугу 20 км; баш жагы Каду деп ата­лат). Жылдык орточо чыгымы 0,91 м2/сек, эң көбү апрель–майда, эң азы февралда байкалат. Не­гизинен кар, жаан-чачын ж-а булак суулары­нан куралат. Өрөөндүн айрым жеринде жаңгак токою кездешет. Сугатка пайдаланылат. Ала­бында Кыз-Көл, Кара-Март, Ак-Талаа, Кутур­ган, Ак-Тоок ж. б. кыштактар жайгашкан.